Өзгөчө бир кызыктуу баян айтып берейин, уккандардын баардыгын Кымкардын кантип бизге келгендиги кызыктырса, кээ бирин кымкардын акылмандыгы кызыктырат.....Эң кызыгы, сен канчалык каар кызды билээриңди байкайлыбы?.... Уюлгуган түндүк тараптын суук шамал кыш түнөгү өлкөсүнөн, бороонду кыштан кабарды шыбырап турган жердин четинде,чыныгы кыштын мекени болгон муз менен суук каптаган, өлкөнүн бир буручунда жайгашкан – бул катаал түндүк жергеси, бир убакта күүлү, удургуган бурганактын коштогон үнү коркунучтуу сезилсе, ошол эле учурда өзгөчөлөнгөн асмандан төгүлгөн миң түркүн кооз бирден жааган каарлардын сулуулугу өзүнө тартат.Бул болгон табияттын укмуштуудай кыш мезгилинин өзгөчөлүгүндө эч кандай жалгандык жана алсыздык жоктой туюндурат. Анткени каардын аруулугу, кыштын аруулугу, каар менен жааган таза сезимдер адамдарды багындырып алган эле. Анын карлуу мейкиндигине аяк басууга батынган ар бир адамдын күчүн сынга алчудай багыттары, бул суук мекенде эми үшүк күчөйт, бороон-чапкын сөөккө чейин муздатып, кар бүртүкчөлөрү сулуулугу менен кубантып турат. Бирок бул тундуктук эл, ар дайым катал суукка даяр келишет, ар бир коломтоодо от алоолоп жанып, үстүндө казан-казан эт кайнап турат. Бул мекенде баардыгы бар, көз жоосун алган, жылдыздардай жаркыраган асыл таштар, өзөндөр,токойлор тоолор ,таза аба, түркүн муз калыптары, өзгөчө келбеттеги түндүк таштары, ушунчалык даамы ашкан жапайы түндүк мөмө-жемиштери, тоолорун бойлогон жапайы жаныбарлары, ал аймакка ылайыкташкан адамдар жана алардын чың ден-соолуктары, өзүлөрүнө тиешелүү нукура салт-санаалары жана кымбат баалу кенчтерге бай аймак.Ошондой үй бүлөөнүн бири, элүү жыл мурун баш кошкон, баласыз өткөн карыя менен байбиченин үйүндө болмокчу…